АЭРОЗОЛДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 3 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЗОЛДОР (аэро… лат. solutio ‒ эриме) ‒ көзгө илешпеген майда бөлүкчөлөрдүн (дисперсиялык бүркүндүлөр) абада же газда чаӊгыттап турушу. Табиятта кезигүүчү Аэрозолдор ‒ түтүн, боз, булут, туман жана чаӊ. Түтүн газ абасындагы химиялык заттардын жаӊы фаза пайда кылуу менен аракеттенишинен, күйүүдөн жана башкалар; туман суюктуктун көзгө илешпеген майда тамчыларынын абада таралышынан пайда болот. Чаӊдын аэрозолдору калкып көтөрүлүп, абаны булгап, боз тунарык түшүрөт. Ал айыл чарбада, медицинада, ветеринарияда жана башкада колдонулат.