АЭРОЗОЛДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОЗОЛДОР (аэро… лат. solutio ‒ эриме) ‒ көзгө илешпеген майда бөлүкчөлөрдүн (дисперсиялык бүркүндүлөр) абада же газда чаӊгыттап турушу. Табиятта кезигүүчү Аэрозолдор ‒ түтүн, боз, булут, туман жана чаӊ. Түтүн газ абасындагы химиялык заттардын жаӊы фаза пайда кылуу менен аракеттенишинен, күйүүдөн ж. б.; туман суюктуктун көзгө илешпеген майда тамчыларынын абада таралышынан пайда болот. Чаӊдын Аэрозолдору калкып көтөрүлүп, абаны булгап, боз тунарык түшүрөт. Ал айыл чарбада, медицинада, ветеринарияда ж. б. колдонулат.