АЭРОДИНАМИКАЛЫК КОЭФФИЦИЕНТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЭРОДИНАМИКАЛЫК КОЭФФИЦИЕНТТЕР ‒ суюктукта же газда кыймылдаган нерсеге аракет эткен аэродинамикалык күчтү жана моментти мүнөздөөчү өлчөмсүз чоӊдуктар. Аэродинамикалык күчтөрдү жана моменттерди өлчөмсүз Аэродинамикалык коэффициенттер түрүндө туюнтуу аэродинамикалык изилдөөгө жана эсептөөгө чоӊ таасир берет, аларды бир топ жөнөкөйлөтөт. Жапыз, үн ылдамдыгынан жай учкан, мах саны М<0,2 барабар чоӊ учуучу аппараттарда Аэродинамикалык коэффициенттер анын формасына ж.б. көз каранды. Жалпы учурда Аэродинамикалык коэффициенттер газдардын илээшкектигин, кысылуусун жана жылуулук сыйымдуулугун мүнөздөгөн өлчөмсүз окшоштук ченемдерине көз каранды.