АШКАЛ ТЕПЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШКАЛ ТЕПЕ ‒ коло дооруна таандык турак жай урандысы. Анжиян облусундагы Кара-Дарыя суусунун сол жээгинде. Аянты 320-400 м. Ал жерден турак жай калдыгы, коломто, ар кандай оймо-чийме түшүрүлүп, сырдалган чопо идиш-аяктар табылган. Ашкал тепеде жашаган адамдардын негизги чарбачылыгы дыйканчылык болгон. Ашкал тепе эстеликтери чуст маданиятына таандык.