АШЕРАЛИЕВ Мухтар Есенжанович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:51, 2 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АШЕРАЛИЕВ Мухтар Есенжанович (1957-жылы туулган, Фрунзе шаары) – медицина илимдеринин доктору (2011). КММИни бүтүргөн (1980). Эмгек жолун КР Саламат сактоо министрлигинин Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда клиникалык ординатор болуп иштеп баштаган. Ошол эле жерде кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, аллергология бөлүмүнүн башчысы. Анын 82 илимий эмгеги, анын ичинен 3 монография, 2 окуу китептери, ойлоп табуунун 2 патенти жарык көргөн.

Эмг.: Пути повышения эффективности терапии и качества жизни детей, больных бронхиальной астмой.– Б., 2009.–190с.