АЧЫК САБАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:58, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧЫК САБАК ‒ мугалимдин педагогикалык тажрыйбасын, окутуучулук чеберчилигин баалоонун формасы. Ачык сабактын планы күн мурунтан түзүлүп, алдын ала предметтик мугалимдердин методикалык бирикмесинде каралат жана мектеп директору же анын окуу иштери боюнча орун басары тарабынан бекитилет. Ачык сабак окуу программасындагы татаал же жаӊыдан киргизилген темаларга карата уюштурулат. Ачык сабактарда педагогикалык теория менен практиканын биримдиги, окутуунун жаӊы технологияларын: алдынкы методдорду, окутуунун салтка айланбаган формаларын кеӊири колдонуу ишке ашырылат. Ачык сабак мектеп практикасында мугалимдер арасында алдынкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуунун да ийкемдүү жолу болуп саналат. Ачык сабакка атайын чакырылган адамдардын катышуусу максатка ылайыктуу.