АЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЧЫ ‒ Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Алля Анаров айыл аймагына караштуу. Ош ‒ Араван автомобиль жолунун боюнда, Кыз-Коргон жана Чил-Устун тоолорунун аралыгында, деӊиз деӊгээлинен 770 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 7 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 22 км. 1929-жылы негизделген. Калкы 2 004 (2022); негизинен пахтачылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатырлары Айтбай Анаров, Алля Анаров жана П. Т. Слюсаренко туулган.