АЦИДОФИТТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЦИДОФИТТЕР (лат. actolus ‒ кычкыл жана өсүмдүк ) ‒ кычкыл топурактарда жана кычкыл сууларда (рН=6,7ден төмөн) өсүүчү өсүмдүктөр. Ацидофиттер төмөнкүлөргө бөлүнөт: 1) өзгөчө Ацидофиттер (рН= =3,0‒4,5) сфагнум, плаундар ж. б.; 2) мелүүн Ацидофиттер (рН=4,5‒6,0) (ширеси ачуу же уулуу сары гүлдөр ж. б.). 3) начар Ацидофиттер (рН=6,0-6,7). Алардын өтө кычкылданууну талап кылганы сфагнум (рН=3 ‒ 4).