АХУНБАЕВА Неля Исаевна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:48, 27 Май (Бугу) 2024 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХУНБАЕВА Неля Исаевна (1937-жылы туулган, Фрунзе шаары) ‒ хирург, медицина илимдеринин доктору (1972), профессор (1974). Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн (1960). Пржевальск шаардык (азыркы Каракол) ооруканасы-

Файл:АХУНБАЕВА72.png

нын хирургу (1960‒1961), көкүрөк хирургия бөлүмүнүн ординатору (1961‒1964), Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун жалпы хирургия кафедрасынын ассистенти (1964‒1972), доценти, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедра башчысы (1984‒1990). Кыргыз-Россия Славян университетинин хирургиялык оорулар кафедрасынын профессору (1995). Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген врачы, академик Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты (1996). Жалпы хирургия жана көкүрөк хирургиясы боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын автору.

Эмг.: Эхинококкоз легких и его хирургическое лечение (в соавторстве). Ф., 1976; Проблемы горной-медицинской экологии Кыргызстана (в соавторстве). Б., 2000.