АХУНБАЕВ Иса Коноевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХУНБАЕВ Иса Коноевич [12 (25). 9. 1908, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы ‒ 5. 1. 1975, Фрунзе] ‒ хирург, медицина илимдеринин доктору (1948), профессор (1949), СССР МИАнын корреспендент мүчөсү (1948), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954) ж-а туӊгуч президенти (1954‒60). Кыргыз ССРинин илим ж- техника боюнча мамлекттик сыйлыктын ээси (1970). Кыргыз ССРнин эмгек сиӊирген врачы (1945). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиӊирген ишмери (1974). Ташкенттеги Орто Азия медицина институтун бүтүргөн (1935),

Файл:АХУНБАЕВ 170.png

Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935‒37), Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941). 1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948‒52-жылдары КММИнин директору , 1952‒54-жылдары СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары ж-а төрагасы. Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө ж-а жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоӊ роль ойногон. Илим изилдөөлөрү негизинен балдардын аппендицитине, эндемиялык богок, эхинококкоз, шок ж-а жүрөк ооруларына арналган. Анын демилгеси м-н Республикалык клиникалык ооруканада көкүрөк хирургия бөлүмү уюштурулган (1959) ж-а Кыргызстанда биринчи болуп жүрөккө операция жасаган. 230дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 109 монография) автору. Бир нече ирет эл аралык илимий ж-а коомдук форумдарга, 4 жолу хирургиялык конгресске катышкан. Австралия, Франция, Грекия, Канада ж. б. мамлекеттерде илимий докладдарды окуган. СССР Жогорку Советинин 2‒4 шайланышынын ж-а Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5‒6 шайланышынын депутаты болгон. КР УИАда Ахунбаев атындагы сыйлык белгиленген, Бишкек шаарынын ж-а Тору-Айгыр айылынын борбордук көчөлөрүнө, Республикалык госпиталдын хирургия клиникасына анын ысмы ыйгарылган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл достугу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. КММАнын алдында айкели ортонотулган.
Эмг.: Эндемиялык богок. Ф., 1964, (Н. С. Андросов менен авторлош); Жүрөккө операция жасоо. Ф., 1964; Проблема эндемического зоба в Киргизии . Ф., 1965; Аппендицит детского возраста . М., 1947; Проблема эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1963; Очерки по шоку и коллапсу. Ф., 1967; Справочники симптомов, синдромов болезней человека и диагностических проблем. Ф., 1973.