АХМАТОВ Медет Кенжебаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХМАТОВ Медет Кенжебаевич (1960-жылы туулган, Бишкек) – биология илимдеринин доктору (2019). СССРдин 50-жылдыгы атындагы КМУну (1983), КР ИАнын аспирантурасын бүтүргөн. Эмгек жолун ошол эле жерде кенже илимий кызматкерден лаборатория башчысына чейин көтөрүлгөн. Кыргыз ССР ИАнын Ботаника багында лобарант болуп иштеген. 1995–2005-жылдада КР УИАнын Э. З. Гареев атындагы Ботаника багында өсүмдүк физиологиясы лабораториясынын башчысы, 2016–17-жылдарда ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу, учурда И. Арабаев атындагы университетте профессор. Ал 153 илимий эмгектин, анын ичинен 1 монографиянын, 1 лекциялар жыйнагынын, 6 окуу-усулдук колдонмонун жана 1 сунуштун автору.

Эмг.: Өсүмдүктөрдөгү суу алмашууну изилдөө методикасы/ Окуу куралы. (аторлош), Б., ОсОО “Олл колорс”, 2009.- 105 б.