АХМАДУЛИНА Белла (Изабелла) Ахатовна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:35, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya (Mariya moved page АХМАД УЛИНА to АХМАДУЛИНА Белла (Изабелла) Ахатовна) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХМАДУЛИНА Белла (Изабелла) Ахатовна (10. 4. 1937-ж. т., Москва ш.) ‒ орус акыны. Москвадагы М. Горький атн. адабият ин-тун бүткөн (1960). Чыгармалары 1955-жылдан жарык көргөн. 1960-жылдан эстрадалык поэзия аркылуу тааныла баштаган. 1964-ж. «Ушундай жигит бар» (реж. В. М. Шукшин) фильмине тартылган. Адамдардын ички акыл-ой мүдөөлөрү «Кыл» (1962) аттуу ырлар жыйнагында чагылдырылган. Ал модернисттик мүнөз менен салттуу классиканы таӊ каларлыктай айкалыштыра билет. А. С. Пушкин, Б. Л. Пастернак ж. б. көрүнүктүү орус акындарынын таасири Ахмадулина чыгармачылыгына символ катары кирген. «Музыка сабагы» (1969), «Ырлар» (1975), «Шам», «Бороон» (1977), «Жашырын сыр» (1983) ж. б. ыр жыйнактары бар. Ахмадулина проза чыгармаларынын («Иттер жана ит», 1979; «Кокустук», 2000) да автору. Ал грузин акындарынын (Н. Бараташвили, Г. Табидзе, С. Чиковани ж. б.) ырларын орус тилине которгон. СССРдин (1989), РФтин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004).
Ж. Медералиева.