АХЕМЕНИДДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХЕМЕНИДДЕР‒ Байыркы Персия державасынын падышалар династиясы (б. з. ч. 558‒330). Династиянын түпкү теги б. з. ч. 8-к-дагы перс уруулар союзунун башчысы Ахеменден башталат. Ахемендин тукуму Улуу Кир II (558‒530) Жакынкы жана О. Чыгыштын өлкөлөрүнүн көбүн бириктирген зор империяга негиз салган. Кийинчерээк Мидияны, Азиянын көп бөлүгүн (545‒539), Вавилонияны (539), Египетти (525), Фракияны, Македонияны жана Индиянын түн.-батыш бөлүгүн (519‒512) жеӊип алат. Кир IIден кийин державаны Камбис II (530‒522), Дарий I (522‒486), Ксеркс I (486‒465), Артаксеркс I (465‒424), Ксеркс II (424), Согдиан (424‒423), Дарий II (423‒404), Артаксеркс II (404‒358), Артаксеркс III (358‒338), Арсес (338‒336), Дарий III (336‒330) башкарган. Дарий Iнин тушунда (б. з. ч. 552‒486) Персия дүйнөдөгү ири күч‑кубаттуу мамлекетке айланып, Жакынкы жана Ортонку Чыгыштагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү анын курамына кирген.

Файл:АХЕМЕНИДДЕР67.png

Ахеменид жоокери. Лувр (Париж).

Персеполь, Вавилон, Сузы жана Экбатана мамлекеттин борбору болуп турган. А-дин аскердик күчү начарлаган сайын А. державасы кыйрай баштайт. Б. з. ч. 330-ж. Александр Македонскийдин соккусу астында А. мамлекети жоюлган.