АХАГГАР МАССИВИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:47, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АХАГГАР МАССИВИ, Х о г г а р ‒ Борбордук Сахарадагы тайпак тоо, Алжирде. Чокулары тайпак, тектирлүү кырка тоолор (орточо бийиктиги 800 м) базальттуу платолор (орточо бийиктиги 2000 м) менен аяктайт. Мында айрым жанар тоо конустары бар. Бийиктиги 3003 мге (Тахат чокусу) чейин. Платина, алмаз, уран ж. б. кендери бар. Негизинен тоолуу чөл ландшафты басымдуу. Көчмөн мал чарбасы жана оазис дыйканчылыгы мүнөздүү.