АФФИНАЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:51, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФФИНА́Ж (фр. affinage ‒ тазалоо) ‒ түрдүү кошундулардан арылтып, өтө таза асыл металл алуунун бир түрү. Аффинаж ыкмасы электролиздик, нымдуу жана кургак болуп бөлүнөт. Электролиздик жол менен алынуучу металл катодго чогултулат да, кошундулар калдык түрүндө бөлүнүп чыгат. Ушундай жол менен алынган алтындын пробасы 999,9дан төмөн болбойт. Нымдуу Аффинаж ыкмасы платина, палладий, иридий, радий сыяктуу сейрек учуроочу асыл металлдарды алууда пайдаланылат. Мында кен таштагы металлдар азот, туз кислоталарынын эритмесинде эритилип, ар түрдүү реагенттердин (хлордуу аммоний, аммиак, кант) жардамы менен эритмеден бөлүнүп алынат. Кургак Аффинаж ыкмасын колдонгондо жогорку температурада эритилген кен таштагы металлдар хлор аркылуу өткөрүлөт.