АФФЕКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:37, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФФЕКТ (лат. affectus ‒ көӊүлдүн толкушу, дилгирленүү, туталануу) ‒ адамдын көӊүлүнүн тез өзгөрүп, кыска мөөнөттө өтүүчү эмоциялык абалы (долулануу, ачуулануу, каардануу, үрөйү учуу ж. б.). Бул абал субъекттин жашоосундагы кандайдыр бир тез өзгөрүүлөрдөн улам субъекттин кыймыл-аракетинин өзгөрүүсү менен бирге, анын ички органдарынын функцияларын өзгөрүүгө дуушар кылат. Корккон, кубанган, кайгырган адамдын эмоциясы Аффект түрүндө өтүшү мүмкүн.

                                                                                                                                   Г. Т. Ботоканова.