АФФЕКТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АФФЕКТ (лат. affectus ‒ көӊүлдүн толкушу, дилгирленүү, туталануу) ‒ адамдын көӊүлүнүн тез өзгөрүп, кыска мөөнөттө өтүүчү эмоциялык абалы (долулануу, ачуулануу, каардануу, үрөйү учуу ж. б.). Бул абал субъекттин жашоосундагы кандайдыр бир тез өзгөрүүлөрдөн улам субъекттин кыймыл-аракетинин өзгөрүүсү м-н бирге, анын ички органдарынын функцияларын өзгөрүүгө дуушар кылат. Корккон, кубанган, кайгырган адамдын эмоциясы А. түрүндө өтүшү мүмкүн.
                                                                                                                                   Г. Т. Ботоканова.