АФОРИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:32, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФОРИЗМ (гр. aφopiσμoᔑ ‒ аныктама, кыска сөз) ‒ таамай, курч, кыска, тереӊ мааниде айтылган нуска сөз. Афоризмдер түзүлүшү боюнча макал-лакаптарга жакын, адатта автору болот. Фольклордо макал-лакаптарды да афоризмдерге кошуп карашат. Афоризм «Манас» эпосунда Кошой, Бакай өӊдүү акылман, нускалуу карыялардын сөздөрүндө учурайт. Акын-жазуучуларда өзүнчө түрү (шилтемдер, төрт сап ырлар) кезигет. А. Токомбаев, Н. Байтемировдун бир шилтемдери бар, Токтогул сыяктуу ак таӊдай акындардын чыгармалары афоризмдерге бай.