АФИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:53, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФИНА, А ф и н а П а л л а д а ‒ байыркы грек мифологиясындагы акылмандыктын жана адилет согуштун пири. Миф боюнча Афина туулга, соотчон Зевстин башынан чыккан. Ал Афиндер шаарынын колдоочусу катары эсептелген жана анын урматына Панафиней майрамы өткөрүлүп турган.

Файл:АФИНА54.png
«Найзага сүйөнгөн Афина». Афины акрополуна тартылган сүрөт. Мрамор. биздин заманга чейин 460-жыл Акрополь музейи.

Гомердин чыгармаларында, айрыкча «Одиссеясында» Афинанын акылдуу жана эр жүрөк Одиссейди, ошондой эле грек-ахейлерди өзгөчө колдогондугу жана троялыктардын душманы катары айтылат. Анын Афины мамлекетинин акылман пири экендиги Эсхилдин «Эвмениддер» трагедиясында чагылдырылган. Римдиктер Афинаны Минерва деп аташкан.