АФИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:58, 24 Июль (Теке) 2023 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФИНА, А ф и н а П а л л а д а ‒ байыркы грек мифологиясындагы акылмандыктын жана адилет согуштун пири. Миф боюнча Афина туулга, соотчон Зевстин башынан чыккан. Ал Афины шаарынын колдоочусу катары эсептелген жана анын урматына Панафиней майрамы өткөрүлүп турган.

«Найзага сүйөнгөн Афина». Афины акрополуна тартылган сүрөт. Мрамор. б. з. ч. 460-ж. Акрополь музейи.

Гомердин чыгармаларында, айрыкча «Одиссеясында» Афинанын акылдуу жана эр жүрөк Одиссейди, ошондой эле грек-ахейлерди өзгөчө колдогондугу, троялыктардын душманы катары айтылат. Анын Афины мамлекетинин акылман пири экендиги Эсхилдин «Эвмениддер» трагедиясында чагылдырылган. Римдиктер Афинаны Минерва деп аташкан.