АФАКИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:57, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АФАКИЯ (а... жана гр. phakos ‒ оптикалык айнек) ‒ көз чечекейинин жоктугу. Афакия көз оор майып болгондо, кээде операциядан кийин, ошондой эле чанда тубаса болушу да мүмкүн. Анын натыйжасында көздүн жарык нурун сындыруу кубаты (рефракция) кескин өзгөрүлүп, көрүү начарлайт жана аккомадация жоголот. Афакияда томпок көз айнек же линза кийип көздүн көрүүсүн жакшыртууга болот.