АУТОИНФЕКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУТОИНФЕКЦИЯ (аутожана ...инфекция ) ‒ организмдин өзүндөгү инфекциянын кайталанышы. Оорудан айыккан адамдын организминде сакталып калган козгогучтар кээ бир ыӊгайлуу шартта жанданып, ошол эле инфекцияны кайра козгойт. Аутоинфекция көбүнчө жугуштуу бактериялык ооруларга таандык. Организмдин жалпы туруктуулугу начарлаганда, чарчаганда, узакка ачка болуп алсызданганда, кансыраганда ж. б. жагымсыз абал учурунда, организмдеги козгогучтар (микробдор) көбөйүп, өнүгүп, мурунку инфекция кайталанышы мүмкүн.