АУТОИНФЕКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУТОИНФЕКЦИЯ (аутожана ...инфекция ) ‒ организмдин өзүндөгү инфекциянын кайталанышы. Оорудан айыккан адамдын организминде сакталып калган козгогучтар кээ бир ыӊгайлуу шартта жанданып, ошол эле инфекцияны кайра козгойт. А. көбүнчө жугуштуу бактериялык ооруларга таандык. Организмдин жалпы туруктуулугу начарлаганда, чарчаганда, узакка ачка болуп алсызданганда, кансыраганда ж. б. жагымсыз абал учурунда, организмдеги козгогучтар (микробдор) көбөйүп, өнүгүп, мурунку инфекция кайталанышы мүмкүн.