АУТОИНФЕКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 8 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(ауто… ж-а ...инфекция ) ‒ организмдин өзүндөгү инфекциянын кайталанышы. Оорудан айыккан адамдын организминде сакталып калган козгогучтар кээ бир ыӊгайлуу шартта жанданып, ошол эле инфекцияны кайра козгойт. А. көбүнчө жугуштуу бактериялык ооруларга таандык. Организмдин жалпы туруктуулугу начарлаганда, чарчаганда, узакка ачка болуп алсызданганда, кансыраганда ж. б. жагымсыз абал учурунда, организмдеги козгогучтар (микробдор) көбөйүп, өнүгүп, мурунку инфекция кайталанышы мүмкүн.