АУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АУРА (гр. aura ‒ желаргы, агым, желдөө) ‒ талма оорусунун кармашын алдын ала билдирүүчү узакка созулбаган өзгөчө сезим (психикалык-эмоциялык, кооптонуу, коркуу, чындыкка жатпаган элестөөлөр). Анын көп түрү бар. Оору борбордук мээнин чыкый үлүшүндө жайгашса, талма баш айлануудан кийин кармайт; көзгө ар түрдүү тактар, ийри сызыктар, жок буюмдун элеси, турпаты көрүнгөнсүйт. Кээде ызы-чуу, ар кандай үндөр, сөздөр угулуп тынчы кетет. К ы й м ы л Аурасында айрым учурда башы калчылдап, көзү алаӊдайт, айрым булчуӊдар тырышат, ошондой эле жыт, даам сезилгендей, жүрөк токтоп калгандай туюм, психикалык (албууттануу, жашынуу, коркуу) түрлөрү бар. Чанда Аура талмасыз өтөт.