АТЫРАУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:31, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТЫРАУ ‒ Казакстандын батышындагы шаар. Атырау облусунун администрациялык борбору. Калкы 217,3 миӊ (2013). Урал дарыясынын боюнда жайгашкан. 1640-жылы Яик дарыясынын (1775-жылдан Урал) чатында негизделген. Казактар «Уйшiк», орустар ‒ Төмөнкү Яик таш шаарчасы деп аташкан. 1734-жылы Гурьев деп аталган. 1810-жылы чеп жоюлган. 1868-жылы Россия империясынын Урал облусундагы, 1924‒1928-жылы Урал губерниясындагы (РСФСРдын курамындагы Кыргыз, 1925-жылдан Казак АССРиндеги) шаар. 1928‒1930-жылдары Гурьев округунун, 1932‒1938-жылдары Батыш Казакстан облусунун, 1938-жылдын 15-январынан Гурьев облусунун администрация борбору; 1992-жылдан Атырау. Университет, нефть жана газ институту, Казак драма театры (1938-жылдан) бар. Заводдору: нефть ажыратуу, химиялык (полимер материалдар өндүрүшү), курулуш материалдар, тамак-аш (анын ичинде балык иштетүү жана көбөйтүү).