АТРИБУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТРИБУТ а р х и т е к т у р а д а (латынча attribuо– бир нерсеге таандык касиет) – көркөм искусство тарыхында – көркөм чыгарманын тигил же бул кейипкерине таандык айырмалоо белгиси жана ушул гана нерсеге таандык, аны менен байланыштуу буюм, касиет, кыймыл. Атрибут мифологиялык жана диний темаларда жазылган чыгармаларда көбүрөөк кездешет (мисалы, Нептун дайыма үч тиштүү найза менен, Ыйык Цецилия орган менен сүрөттөлөт). Мындай чыгармалардын сюжетин аныктоодо Атрибут көп учурда негизги каражаттардын бири болгон.