АТООЧТУК СӨЗ АЙКАШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТООЧТУК СӨЗ АЙКАШТАРЫ ‒ багындыруучу (негизги) түгөйү (компоненти) көбүнчө зат атоочтордон, аз да болсо сын атооч, сан атооч, ат атооч, тактоочтордон болгон сөз айкаштары (мисалы, алтын шакек, жүзүмдүн ширеси, элге жакшы, окуучулардан бешөө, түшүмгө мол, келгендердин кимиси). Атоочтук сөз айкаштарынын багыныӊкы түгөйүнүн кызматында сын атооч, сан атооч, зат атооч, ат атооч, тактоочтор, тууранды сөздөр, атоочтуктар болуп, багындыруучу түгөйдүн ар түрдүү белгилерин көрсөтөт (мисалы, жашыл талаа, жыйырма бала, жыгач күрөк ж. б.). Атоочтук сөз айкаштарынын түгөйлөрү өз ара ыкташуу, таандык байланыш жана башкаруу жолу менен байланышат.