АТОМДУК НОМЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:23, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АТОМДУК НОМЕР, к а т а р  н о м е р ‒ элементтердин мезгилдик системасындагы хим. элементтердин катар номери. А. н. атом ядросунун протондорунун санына, ал өз кезегинде нейтралдуу атомдун электрондук санына барабар. Ал атомдун физ. ж-а хим. касиеттерин аныктайт. Д. И. Менделеевдин мезгилдик законунун азыркы кездеги аныктамасына ылайык элементтердин ж-а анын бирикмелеринин касиеттери алардын атомдорунун заряддарына (катар номерине) мезгилдүү көз каранды.