АТМОСФЕРАДАГЫ СУУ БУУСУНУН КОНДЕНСАЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРАДАГЫ СУУ БУУСУНУН КОНДЕНСАЦИЯСЫ‒ абадагы суу бууларынын суюктукка (тамчыга) айланышы. Ал суу буусуна каныккан абанын муздак заттарга тийишинен пайда болот. Таштарда, дубалдарда, бак-дарактарда же аба конденсациясынын ядролорунда көп байкалат. Атмосферадагы суу буусунун конденсациясы буунун серпилгичтигине, температурасына, электр зарядына, тамчынын өлчөмү менен химиялык курамына байланыштуу. Атмосферада конденсация ядролору бууга айланган туздардан, метеориттердин күйүшүнөн, токойлордун өрттөнүшүнөн, түтүндөрдөн, космостук чаӊдардан, бактериялардан ж. б-дан пайда болот. Конденсациясынын негизинде атмосферада булуттар, тумандар, жаан-чачындар, жер бетинде шүүдүрүм, бубак, кыроо ж. б. келип чыгат.