АТМОСФЕРАДАГЫ ИОНДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРАДАГЫ ИОНДОР‒ атмосферадагы электр менен заряддалган бөлүкчөлөр. Алар Күндүн ультра-кызгылт көк корпускулярдуу жана радиоактивдүү космостук нурлардын таасиринен пайда болот. Мында газ молекуласына ионизатордун энергиясы таасирин тийгизип, анын атомундагы сырткы электрондун бирин бөлүп ажыратат. Натыйжада бош электрон менен оӊ заряддалган молекула келип чыгат. Бош электрон нейтралдуу молекулалар менен тез биригип, терс иондорго айланат. Бирок мындай мономолекулалуу иондор узакка жашай албайт. Ага газдын нейтралдуу молекулалары кошулат да, туруктуу молекулага өтөт. Аны «жеӊил» ион дейбиз. Жеӊил иондор кыймылда болуп, атмосферада кездешүүчү суюк же катуу бөлүкчөлөргө жабышып, оор ионго өтүп кетет. Атмосферадагы иондун пайда болушу жергиликтуу жана метеорологиялык шартка байланыштуу. Жер бетиндеги 1 см3 таза абада 500‒1000 жеӊил ион болот; алардын оӊ заряддалганы терс заряддалганынан 10‒20% көп. Иондордун топтолушу түрдүү географиялык пункттарда түрдүүчө, ал сутканын жана жылдын ичинде өзгөрүп турат.