АТМОСФЕРАДАГЫ ЖАНА ГИДРОСФЕРАДАГЫ ТУРБУЛЕНТТҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРАДАГЫ ЖАНА ГИДРОСФЕРАДАГЫ ТУРБУЛЕНТТҮҮЛҮК‒ аба жана суу агымдарындагы айрым бөлүктөрдүн кыймылынын иретсиздиги. Атмосферадагы абанын жана океан менен деӊиздеги суунун агымдарында, алардын кээ бир бөлүктөрүнүн алмашуусу закон ченемдүү кыймылда эмес, иретсиз татаал траектория боюнча жүргөндүктөн, кыймылдагы катмарлардын интенсивдүү буркандаган аралашуусун пайда кылат (кара. Турбуленттүүлүк ). Үндүн абада таралбай калышы, жылдыздардын жымыӊдашы, учуп бара жаткан самолёттун ылдый түшүп кетүүсү турбуленттүүлүк менен түшүндүрүлөт. Турбуленттүүлүктү изилдөө айрыкча шаарларды куруу пландарын иштеп чыгууда (шаардын үстүндө түтүндүн же чаӊдын аз турушу, түтөтүүлөрдүн жардамы менен өсүмдүктөрдү үшүктөн сактап калуу ж. б. маселелерди чечүүдө) чоӊ роль ойнойт.