АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРА ЦИРКУЛЯЦИЯСЫ ‒ атмосферадагы аба массаларынын алмашуусун пайда кылуучу негизги агымдардын которулуп жылып жүрүшү. Ал Жерге күн радиациясынын түрдүү кубатта келишине, Жердин өз огунда айланышына, жер бетинин бир өӊчөй болбогондугуна жана башкаларга байланыштуу. Атмосфера циркуляциясы ж а л п ы (пассат, муссон, циклон жана антициклон системасындагы агымдар) жана ж е р г и л и к т ү ү (керимсел, желаргы ж. б.) болуп экиге бөлүнөт. Атмосферанын жалпы циркуляция процесси өтө татаал жана тынымсыз өзгөрүп турат, бирок анын жылдык мүнөзү сакталып, жер бетиндеги ири аймактарга мүнөздүү климаттык өзгөчөлүктөрдү түзөт. Атмосферанын жергиликтүү циркуляциясы өз алдынча турган айрым аймактарда гана жүрүп, алардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот, мисалы, Кыргызстандагы санташ, улан, керимсел жана өрөөндөр менен капчыгайларда болуучу шамалдар.