АТМОСФЕРА ОПТИКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТМОСФЕРА ОПТИКАСЫатмосфера физикасынын жарык нурларынын абада чачырашынан, сиӊирилишинен, сынышынан, чачылышынан жана дифракциясынан пайда болгон оптикалык кубулуштарды изилдөөчү бөлүгү. Адамдын көрүү сезими аркылуу кабыл алынуучу абадагы көрүнүш атмосферадагы оптикалык кубулуштар деп аталат. Аларга асмандын жарык болушу жана анын шоолалары, таӊдын атышы, күүгүмдүн кириши, жылдыздардын жымыӊдашы, мираж, мунарык , гало, көк желе, уюлдук жаркыроо ж. б. кирет. Атмосферадагы нур энергиясынын негизги булагы ‒ Күн (кара. Актинометрия ). Жарык нурлары жеке гана күндөн келбестен, ал жылдыздардан, жер бетинен, атмосферанын жогорку кабаттарынан бөлүнүп чыгат (мисалы түнкү асман жарыгы, уюлдук жаркыроо ж. б.). Бул кубулуштарды аэрономия изилдейт. Абада ар дайым аэрозоль күкүмчөлөрү (чаӊ, суу тамчылары, муз кристаллдары ж. б.) болот. Мындай кошундулар асмандын тунуктугун начарлантат. Сиӊген нур атмосферанын жылуулук режимине таасир тийгизет. Абадагы суу тамчыларынын өлчөмү температура менен нымдуулукка жараша болгондуктан, асмандын өӊү да аларга байланыштуу. Күндүн нуру жерге же океандын бетине түшкөндө, бир бөлүгү сиӊип, калганы чагылат. Кыртыштын температурасы сиӊген нурдан пайда болот. Жер бетинен чагылган нур кайра атмосферага өтүп, аба ырайына таасир тийгизгендиктен, климат өзгөрүп турат. Жарыктын жаан тамчыларынан чагылышы, сынышы жана дифракциясы к ө к ж е л е түрүндө көрүнөт.