АТАНТАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:01, 27 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАНТАЙ Рыскул уулу (19-кылымдын 1-жарымында жашаган) ‒ Нарын аймагындагы кыргыздардын Цинь династиясынын аскерлерин жана Кокон хандыгына каршы боштондук күрөштөрүн жетектегендердин бири. Нарын өрөөнүндөгү чоро саяк уруусунан чыккан элдик баатыр Тайлак баатырдын агасы. Атантай менен Тайлак 19-кылымдын 20-жылдарында Чыгыш Түркстандагы элдердин Кытай империясынын баскынчылык согушуна каршы күрөштөрүн ар тараптан колдоп келишкен. Чыгыш Түркстандагы көтөрүлүштүн башчысы Жааӊгер Кожону кууп келген кытайлык аскерлерди талкалоодо Атантайдын ролу чоӊ. Андан кийин Кокон хандыгынын басып алуучулук саясатына каршы 1831-жылы Нарын аймагындагы кыргыздардын күрөшүн да Атантай менен Тайлак жетектешкен.