АТАМБАЕВА Раиса Минахмедовна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:08, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАМБАЕВА Раиса Минахмедовна (1958 – ж.т., Ош ш.) – медицина илимд. доктору (2016). КММИни бүтүргөн (1981). Эмгек жолун Кыргыз эпидемиология, микробиологя жана гигиена ИИИде кенже ил. кызматкер болуп иштеп баштаган. СССР МИАнын А.Н. Сысоев атн. жалпы жана коммуналдык гигиена ИИИде аспирант; Кыргыз эпидемиология, микробиология жана гигиена ИИИде лабор. башчы, ага ил. кызматкер; КР саламаттык сактоосунун “Профилактикалык медицина” МЭУда жетектөөчү ил. кызматкер. Анын 52 ил.эмг., а.и. 2 окуу китеби, 2 ойлоп табуунун патенти, 4 метод.көрсөтмөлөрү жарык көргөн. Эмг.: Питание и здоровье: учебник.–Б. 2013.– 332 с. (в соавт).