АТАКСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАКСИЯ (гр. ataxia ‒ баш аламандык) ‒ кыймылдын бузулушу. Көбүнчө четки нерв талчалары, көрүү дөӊчөлөрү, вестибуль аппараты, жүлүн, кара куш, маӊдай жана төбө мээлери жабыркаганда (сезгенүү, шишик ж. б.) болот. Дене (статикалык) жана бут-кол (динамикалык) Атаксиясы болуп бөлүнөт. Дене Атаксиясында оорулуу көзүн жумса, теӊселип түз тура албайт. Бут-кол Атаксиясында көзүн жуумп, сөөмөйүн мурдунун учуна тийгизе албайт, көтөргөн бутунун согончогун экинчи бутунун тизесине жеткире албайт, теӊ салмагын жоготуп теӊселип, буттарын талтайтып мас кишиге окшоп басат. Дарылоо ооруну пайда кылган себептерди жоюуга багытталат. Дарылоочу физкультуранын жардамы менен бузулган кыймылдарды калыбына келтирүүгө болот.