АТАКАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:41, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАКАМА ‒ Чилинин түндүгүндөгү чөл. Тынч океанды жээктей 22‒27° түштүк кеӊдиктеринин аралыгында жайгашкан. 22° түштүк кеӊдиктен түндүктө Тамаругаль деп аталат. Атакама чөлүнүн пайда болушу, анын субтропиктик антициклондун чыгыш бөлүгүндө жайгашкандыгына байланыштуу. Климаты тропиктик, пассаттык, перу муздак агымынын таасиринен салыштырмалуу салкын. Жылдык жаан-чачыны 50 ммден аз (материктин эӊ кургакчыл жери). Атакама аркылуу Лоа дарыясы агат. Негизинен кум жана шор топурактуу; сейрек бадал жана кактус өсөт. Натрий жана калий селитрасы, йод, кайнатма туз, жез (Чукика-мата, Эль-Сальвадор ж. б.) кендери бар. Атакама индейлер тилинде ‒ «чөлдүү жер» дегенди билдирет.