АТАЙ суусу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:01, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАЙ ‒ Тогуз-Торо районундагы суу, Көгарт суусунун сол куймасы. Узундугу 18 км, алабынын аянты 250 км2. Фергана тоо тизмегинин түндүк-чыгыш капталынан башталып, кууш кокту аркылуу өрөөнгө агып чыгат. Жылдык орточо чыгымы 2‒3 м3/сек, эӊ көбү майда, эӊ азы январда байкалат. Сугатка пайдаланат.