АТАБЕКОВА Өлмөскан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 23 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАБЕКОВА Өлмөсхан (1922, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Көк-Айдар кыштагы ‒ 1987, ошол эле жерде) ‒ колхоз өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Эмгек жолун Базар-Коргон районундагы Киров атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1940‒1944-жылдары звено башчысы, 1949‒1953-жылдары пахтачылык бригаданын бригадири. 1953-жылдан Ленин районундагы Фрунзе атындагы колхоздун башкармасы. Ал башкарган колхоз Ош облусунда экономикалык жактан алдынкы чарбага айланып, айдоо жери 2 эсе, малдын саны 78 %ке, сүт саап алуу 5 эсе, жүн кыркып алуу 2 эсеге көбөйгөн; ар га жерден 24,6 ц пахта жыйналган. 1958‒1962-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1959‒1984-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. 1971‒1975-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасынын орун басары. Эки Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.