АТАБЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:08, 23 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТАБЕК (түрк., ата жана бек) ‒ 1) алгач селжук султандарынын мураскерлерин тарбиялоочулар. Көп учурда өзүнүн тарбиялануучусунун бийликке келиши менен регент аталып, айрым учурларда жаӊы династиялардын негиздөөчүлөрү болуп калышкан; 2) 12‒13-кылымдардагы Жакынкы Чыгыштагы башкаруучулардын аталышы; 3) мамлюк султанатындагы египеттик аскер башчы (13‒16-кылым), кара. ошондой эле Аталык макаласын.