АТА-СУУ ТЕМИР КЕНДЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТА-СУУ ТЕМИР КЕНДЕРИ – Казакстандагы Караганды облусундагы темир-марганец, барит-полиметалл кендери жайгашкан аймак. 1956-жылдан ачык казылып алынат. Кенташта 60ка жакын майда кендер кездешет. Кен девон, карбон мезгилдеринин жанар тоо жана терриген-карбонаттуу тоо тектеринен турат. Жайылма синклиналынын бир канатында жайгашкан. Жалпы узундугу 140 км, туурасы 10‒30 км. Чалгындалган кендин жалпы запасы 538 млн т. Курамында Аe2O3 39‒51,5%; кенташтагы Mn 15‒40%. Темир-марганец кендеринин ирилери Кара-Жал, Кытай, Жейрен, Үч-Катын III, Жомарт, Камыш, Кереге-Таш, Беш-Төбө, Кылыш жана Ак-Кудук. Кенташтардан алынган чийки зат Казакстандын кара жана түстүү металлургия өнөр жайларында иштетилет.