АТ ЧАБЫШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ ЧАБЫШ ‒ улуттук спорттун түрү. Мелдештер тегиз талаада, түз жолдо же туюк айлампа да (атмайданда) өткөрүлүп, күлүктөрдү атайын саяпкерлер таптап, чабандеске чаптырат. А.ч. илгертеден эле кыргыз элинин турмушунда өтө маанилүү орунду ээлеп, «а л а м а н б а й г е» деп аталган. 1952-жылдан А.ч. мелдешинин эрежеси тартипке салынган. Чабандестер 14 жаштан кем болбошу керек. Мелдешке кунандан

Файл:АТ ЧАБЫШ40.png
«Манас ‒1000» майрамындагы ат чабыш.

жогорку жаштагы бардык тукумдагы күлүктөр катышып, А. ч. аралыгы 20000 мге чейин болот. 1995-ж. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу алыс аралыкка (Ашхабад ‒ Талас) ат чабылган. А. ч-та төмөнкүдөй шарттар сакталышы керек: аттын мелдешке катышуусуна уруксат берүүчү вет. мекемеден маалым кат; чабандестин билдирмеси жана жеке номурдун болушу, бир чабандестин бир гана атты чабуусу, мелдеш учурунда аралыкты кыскартууга тыюу салынат, башка атты камчы менен чабууга, жолун тороого болбойт ж. б. А. ч. б-ча ар кандай (III, II, I) разряддык даражалар жана наамдар белгиленген.