АТ КОНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ КОНОК (Phleum L.) ‒ дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жана бир жылдык чөп. Европа, Азия, Африкада 15 түрү бар. Кыргызстанда 4 түрү (шалбаа, талаа, альп жана шыпыргы сымал Ат конок) өсөт. Бардыгы тоют өсүмдүк. Айрыкча (көп жылдык) шалбаа Ат коногу маанилүү. Бийиктиги 140 смге жетет. Топ гүлү ‒ шыпыргы сымал чачык. Чымдуу, саздак, кара, боз топурактуу, кумдак жерде өсөт. Жакшы шартта 10 жыл бою мыкты түшүм берет. Шалбаа Ат конок дан өсүмдүктөр менен кошо эгилип, аралаш тоютка пайдаланылат. Баш алган учурда эки жолу чабылат. Альп Ат конок бийик тоолуу жайытта өсөт. Аны бардык мал жакшы жейт.