АТ-БАШЫ КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ-БАШЫ КАПЧЫГАЙЫ, К е п т е ш ‒ Ат-Башы өрөөнүнүн түндүк-батышындагы Кошойдун Кара-Тоосунун чыгыш бөлүгүн түштүктөн түндүккө кесип өткөн кууш капчыгай. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 1860‒1900 м. Узундугу 6 км, туурасы 20‒150 м. Капталдары бийик (200‒400 м), кууш жана тик (50‒60°). Капчыгайдын түштүк бөлүгү бир аз жайык, шагыл таш эшилмелери көп, түндүк тарабы кууш. Ал аркылуу Ат-Башы суусу агат. Антецеденттик типке кирет. Палеозой заманынын кристаллдуу чулу тоо тектеринен турат, түштүк бөлүгүндө палеоген менен неогендин конгломерат жана кумдук чөкмө тоо тектери жатат. Капталындагы күнөстүү майда торпуларда чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Капчыгайда Ат-Башы ГЭСи курулган.