АТ-БАШЫ КАНАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:20, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ-БАШЫ КАНАЛЫ –Кыргыз Республикасынын Кант районундагы ири сугат тармагы. 1937-жылы пайдаланууга берилген. Чүй суусуна курулган Чөмүч плотинасынан башталып, Кант, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун 21 миӊ гадан ашык жерин суу менен камсыз кылат. Каналдын узундугу 43,4 км, андан секундасына 31 м3 суу агат. Каналда 25 гидротехникалык курулуш, 19 суу ченегич, 37 суу бөлүштүргүч, 1 насос станциясы бар.