АТ-БАШЫ КАНАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:59, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АТ-БАШЫ КАНАЛЫ --Кыргыз Республикасынын Кант районундагы ири сугат тармагы. 1937-жылы пайдаланууга берилген. Чүй суусуна курулган Чөмүч плотинасынан башталып, Кант, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун 21 миӊ гадан ашык жерин суу менен камсыз кылат. Каналдын узундугу 43,4 км, андан секундасына 31 м3 суу агат. Каналда 25 гидротехникалык курулуш, 19 суу ченегич, 37 суу бөлүштүргүч, 1 насос станциясы бар.