АТ-БАШЫ-ЭҢИЛЧЕК ЖАРАКАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

‒ Түштүк жана Ортонку Теӊир-Тоо зоналарынын тоо тек катмарларын бөлүп турган тектон. тереӊ жарака. Фергана кырка тоосунун чыгыш тарабында. Ал батышты, түн.-чыгышты карай Ат-Башы кырка тоосунун түн. этеги менен созулуп, Улан, Көк-Жар, Чакыр-Корум өрөөндөрү аркылуу өтүп, Ак-Шыйрак кырка тоосунун түш. капталы менен Эӊилчек суусун бойлоп кетет. Уз. 500 кмден ашык. Жарака кесип өткөн тоо тектер өтө талкаланып жана метаморфизмделип, негизинен сланецтерге айланган. Жарака палеозой заманынын орто ченинде эле ар кандай багытта жылышкан жер кыртыш бөлүктөрүн ажыратып турган. Геофиз. аныктоолор б-ча, ал жер кыртышын бүт жарып өтүп, мантиянын үстүн бир кыйла жылыштырып жиберген эӊ тереӊ жаракалардан.