АСЫМБЕКОВА Эльмира Үмөтовна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 23 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЫМБЕКОВА Эльмира Үмөтовна (1958-ж. т., Ысык-Көл облусу, Каракол ш.) ‒ кардиолог, медицина илимдеринин доктору (2000). КММИни (1981), СССР МИАнын Бүткүл союздук кардиология илимий борборунун аспирантурасын (1986), РМИАнын жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда докторантураны (1999, Москва) бүтүргөн. Кыргызстан кардиология ИИИунда кенже, улук илимий кызматкер, 2001-жылдан РМИАнын жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда илимий кызматкер. Эмг.: Возможности неинвазивной оценки проходимости пунктов по данным через пищеводной стимуляции (в соавт.). М., 1998.