АСЫЛ ТУКУМ МАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЫЛ ТУКУМ МАЛ ‒ тукумун жакшыртуу үчүн атайын тандалып алынган кунардуу, таза кандуу мал. Асыл тукумдуулук белгилер, айрыкча тукумдук эркек малда (кочкор, бука, айгыр жана башкалар) болот. Ошондуктан таза тукум мал өстүрүү үчүн дыкаттык менен асыл тукумдук эркек мал тандалып алынат. Тукум куума сапатын жаӊыртып туруу максатында Асыл тукум мал тандоо алардын теги жана тукумунун сапаты боюнча жүргүзүлөт. Теги кунардуу жана асыл тукумдуу бир нече муундан кийинки Асыл тукум мал өтө баалуу деп эсептелет. Тукумунун сапаты, кунардуулугу жана теги документтер боюнча такталып, негизги көрсөткүчтөрүнө (мисалы, сүт багытындагы уйдун сүттүүлүгү, сүтүнүн майлуулугу; эт багытындагы малдын төлүнүн тез чоӊоюшу; койдун жүндүүлүгү, жүнүнүн сапаты жана башкага) жараша аныкталат.